Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Жарандык авиациянын 90 жылдыгына карата салтанаттуу кече болуп өттү

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Жарандык авиациянын 90 жылдыгына карата салтанаттуу кече болуп өттү

Бүгүнкү күндө Кыргыз авиациясында чоң өзгөрүүлөр, жаңылануулар болууда. Анткени президентибиз Садыр Жапаров Кыргыз авиациясына олуттуу көңүл буруп, бизден реформаларды жүргүзүүнү талап кылууда.

Авиация күнүнө карата Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин, Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостоновдун, «Манас» эл аралык аэропорту» ААК жалпы жааматы, учкучтар, борт коштоочулар, ардагерлер жааматы, деги эле авиацияга тиешелүү баардык инсандар чогулуп 90 жылдык мааракебизди салтанаттуу белгилеп алдык.

Мындан тышкары, мен сиздер менен жакында эле Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттик, 4 жылда өтүүүчү Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өткөндүгүн өзгөчө сүйүнүч менен кабарлагым келип турат. Баардык кыргызстандыктар билгендей, бул – Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени Эл аралык жарандык авиация уюмунун аудитинен өтүү менен, Кыргызстандын авиация тармагы бардык эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп бере тургандыгын тастыктады. Бул аракеттерибиз Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгууга өбөлгө тузот. Анткени Кыргызстан 2006-жылдан бери аталган “кара тизмеден” чыга албай келген”.

Андыктан Кыргыз авиациясынын өнүгүшү туура жолдо бара жатат деп так кесе айта алам!

«МЭА» ААК негизинде «Асман Эйрлайнс» көмөкчү авиакомпаниясы түзүлдү. Бул авиакомпания өлкө ичине гана эмес, өлкө сыртына да учууларды ишке ашырат. Ошондой эле «Манас» эл аралык аэропортунун өз каражатына жаңы, заманбап эки учак сатылып алынды (Bombardier Dash 8 Q400).

«Баткен» эл аралык аэропортунда ушул жылдын май айында учуп-конуу тилкесин калыбына келтирүү иштери аяктады.

«Каракол» эл аралык аэропортунда жаңы аэровокзал комплексин куруу, жарык сигнал берүүчү жабдууларды орнотуу менен аэродром элементтеринин жасалма катмарын реконструкциялоо жана учуп-конуу тилкесин узартылууда.

«Кербен» аэропортунун ишин калыбына келтирүү максатында учуп-конуу тилкесин кеңейтүү жана реконструкциялоо иштери жүрүүдө.

«Талас» аэропортунда аэровокзалдын жаңы имаратын куруу жана аэродром элементтеринин жасалма катмарын реконструкциялоо жумуштары жүрүп жатат.

«Казарман» аймактык аэропортунда аэродром элементтерин оңдоо-калыбына келтирүү иштери жасалууда.

«Нарын» аэропортунда аэровокзалдын жаңы имаратын куруу жана аэродром элементтеринин жасалма катмарын реконструкциялоо иштери бүткөрүлүүдө.

«Ош» эл аралык аэропортунда жүк терминалын курууну баштадык.

Ийгиликтер коштосун! Кыргыз авиациясы өнүгүп өсө берсин! Ар дайым асманыбыз ачык болсун!